Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Киев менен Москванын кезектеги сүйлөшүүсүнө бара турган делегациянын курамын бекитти. Топ президенттин кеңсесинин башчысы Александр Бевз баштаган 14 адамдан турат жана аны мурдагы коргоо министри, жакында эле Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болгон Рустем Умеров жетектеп барат.
Бир катар басылмалар сүйлөшүүлөр 23-июлда кечинде өтүшү мүмкүн экенин жазышты, бирок азырынча так күнү, сааты анык боло элек.
Буга чейин Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирген. Орусиялык басылмалар дагы жолугушуу ушул күнү өтүшү ыктымалдыгын жазышкан.
Тараптар бул жолу дагы "туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук" өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп болжолдонуп жатат.
Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.
Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты караманча четке кагып жатат.
Орусиянын армиясы 22-июлга караган түнү дагы Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде Краматроск, Славянск, Одесса, Сумы жана Херсонго сокку урду.
Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарындагы чабуулда башкарылган авиабомба көп кабаттуу үйгө тийди. Натыйжада он жаштагы бала набыт болуп, кеминде беш адам жараат алды. Бул тууралуу шаардык аскердик администрациянын башчысы Александр Гончаренко кабарлады.
Славянск шаарынын мэри Вадим Лях көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, бала бакча, административдик имараттар жабыркаганын маалымдады. Соккулардан кеминде беш киши жараат алганы айтылды.
Сумыда авиачабуулдан көп кабаттуу беш үй, 18 машина жана бир соода борбору жабыркады, үч адам, анын ичинде бир бала жараат алганы кабарланды.
Маалыматтарга караганда, Одесса менен Херсондо дагы жараат алгандар болду, кыйроолор бар.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Москванын аэропорттору украиндердин дрон чабуулдарынан кийин үзгүлтүккө учураган авиакаттамдарды калыбына келтирүүнүн аркетин көрдү. 19-21-июлда орус баш калаасынын аэропортторунда 1000ден ашуун рейс кармалып же уча албай калды.
Шереметьеводо чектөөлөрдөн улам жүргүнчүлөрдү тейлөө узакка созулушу ыктымал экенин эскертишти.
Москванын аэропортторунда жагдай "май айына салыштырганда бир аз жакшы" деди Орусиянын жаңы транспорт министри Андрей Никитин.
Ростов облусунда 50дөн ашуун поезд украиналык дрондордун айынан жолго кеч чыкты.
Украина менен Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы ушул жумада Стамбулда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Independent Türkçe басылмасы дипломатиялык булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, делегациялардын техникалык жолугушуусу 23 же 24-июлда болушу мүмкүн. Тараптар “согуш туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук” өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп күтүлүүдө.
19-июлда украин президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров орус делегациясына сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү сунушун жолдогонун билдирген. Зеленскийдин айтымында, “сүйлөшүүлөрдүн динамикасын жогорулатуу жана ок атышууну токтотуу үчүн колдо бар чара көрүү зарыл”.
Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.
Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты четке кагып жатат.
Independent Türkçe басылмасы үстүбүздөгү аптада Стамбулда Иран менен европалык үч өлкөнүн өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасын талкуулашарын да белгилейт.