Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборун ишке киргизүү даярдыгын текшерди.
Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, анда бул жайдагы өндүрүштүк ыргак тууралуу толук маалымат берилди.
"Данияр Амангелдиев логистикалык борбор электрондук коммерция товарларын жеткирүүдө натыйжалуу жана ачык-айкын система болушу керектигин, товарлар өлкөгө киргенден акыркы алуучуга жеткирилгенге чейинки бардык этаптардын ачыктыгы камсыз кылынышы зарылдыгын белгиледи",-деп жазылган маалыматта.
Министрлер кабинети бул логистикалык борбор качан ачылып иштей баштарын тактаган жок.
2023-жылдын башында "Кыргыз почтасы" менен орусиялык OZON компаниясы Кыргызстанда электрондук коммерциянын почта-логистикалык комплексин ачкан.
Шерине