Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

YouTube'дун ордуна Рунет: Кремль максатына жакындап калды


Орусиянын тиешелүү органдары көп жыл бою YouTube видеоплатформасына дыкат байкоо салып келет. Хостинг көптөгөн орусиялыктар үчүн бейтарап маалымат алууга өбөлгө болуп келген. Соңку учурда блогерлер жана таасирдүү адамдар бул сайтты киреше табуунун булагына айландырган.

Бийлик ар кандай жол менен платформаны жайлатып, орусиялык колдонуучуларды андан оолактатуунун аракетин көрдү. Хостингге ээлик кылган Google компаниясынан серверлерин Орусияда жайгаштырууну да талап кылды. Эгер америкалык компания бул талапты аткарса, Кремль аталган платформадагы маалымат агымын толук көзөмөлдөй алмак.

Бул аракет ишке ашпаган соң Москва Ютубга атаандаш боло турган жергиликтүү платформаларга колдоо көрсөтө баштады.

Натыйжасы кандай болду?

Эксперттердин баамында, Орусия азырынча бул багытта түпкү максатына жете элек, бирок жакындап калды.

Анткени, орус бийлиги бир нече жылдан бери өзү көзөмөлдөй турган ички интернетти түптөөгө умтулуп келатат.

Мындай интернетте элде тандоо аз болуп, кимдин эмне көргөнү, айтканы, издегени тыкыр көзөмөлгө алынат.

Өткөн аптада бийлик жаңылык жана байланыш куралы катары кеңири колдонулган Meta компаниясынын WhatsApp тиркемесин бөгөттөөгө аз убакыт калганын кыйытты.

"YouTube Орусияда абдан популярдуу", - дейт Германиянын Эл аралык байланыштар кеңешинин изилдөөчүсү Филипп Дитрих. "Эгер сизде кайсы видеолор жарыяланып, кайсынысы чыкпай турганын көзөмөлдөй турган платформаңыз болсо, бул өкмөт үчүн чоң артыкчылык".

YouTube'дун популярдуулугу

Орусияда миллиондогон адам үчүн эң популярдуу болгон видеоплатформалардын бири - YouTube.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный каза боло электе YouTube сайтына иликтөөлөрдү жайгаштырып, аларды бир эле Орусияда он миллиондогон адам көрчү.

Кызыктуу маектери жана курч суроолору менен белгилүү болгон орусиялык журналист Юрий Дуддун YouTube каналында орусиялык жана чет элдик 10 миллиондон ашуун киши катталган.

Mediascope уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2024-жылдын экинчи жарымында YouTube платформасына ай сайын 95,9 миллион орусиялык кирип турган. Мамлекеттик органдар платформанын ишин жайлаткандан кийин, 2025-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч азайган.

Кремль хостингдин ылдамдыгын былтыр жайлата баштаган. Бирок VPN аркылуу киргендер көп.

Орусия YouTube'га альтернатива катары кеминде беш долбоорду ишке киргизди. Мындай сайттар жалпысынан "Рунет" деген аталыш менен белгилүү.

«ВКонтакте» корпорациясынын «Видео ВКонтакте» түйүнү көрүүлөрдүн саны боюнча дагы эле артта. Анткен менен акырындап аудиториясы көбөйүп баратканын байкооого болот. Башында "ВКонтакте" Фейсбукка альтернатива катары түзүлгөн.

Мындан тышкары "Газпромго" таандык Rutube, "Яндекстен" 2022-жылы бөлүнүп чыккан Zen, «ВКонтактенин» Фейсбукка окшош OK Video платформалары бар.

2024-жылдын июнь айында мамлекеттик Russia Today телеканалынын негиздөөчүсү "Платформа" стриминг сервисин ишке киргизген. Бирок долбоорго артылган үмүт өзүн актаган эмес, андагы күнүмдүк көрүүлөрдүн саны он миңдей гана болгон.

"Система" изилдөө тобунун маалыматы боюнча, "Платформадагы" эң популярдуу контент - пираттык мазмун. Өткөн айда анын негиздөөчүлөрү сервисти жаңырта турганын жарыялады.

"Негизги атаандашы болгон YouTube сайтын жабуу менен ал өз сервисин бизнеске айлантууга аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Ал эми акча жеке инвесторлордон эмес, мамлекеттик бюджеттен келип жатат. Бул кадимки эле уурулук", - дейт орусиялык блогер, интернетти коргоо коомунун директору Михаил Климарев.

Филипп Дитрихтин айтымында, YouTube үчүн эң мүмкүн альтернатива - VK Video.

"Менин оюмча, негизги альтернатива - VK Video. Алар - башкы идея. Алардын акчасы бар, мамлекеттин колдоосуна ээ, серверлери мыкты жана иш билги инженерлерди иштетет. Эгерде акча максатсыз сарпталып эле кетпесе, VK Video ийгиликтүү болот", - дейт ал.

Негиздөөчүлөрүнүн жана жогорку кызмат адамдарынын арты менен "ВКонтакте" орус бийлигинин колдоосуна да ээ.

Негизги акционерлердин бири - Путиндин ишенимдүү адамы Юрий Ковальчук жетектеген "СОГАЗ" камсыздандыруу компаниясы. Негизги акционерлердин арасында мамлекеттик гигант "Газпромдун" медиа долбоору "Газпром-Медиа" да бар.

Кремлдин маалыматтары байма-бай жарыяланып турган Rutube видеохостинги да “Газпром-медиага” карайт.

"ВКонтактенин" башкы директору - Владимир Кириенко. Анын атасы Орусиянын ички саясаты үчүн жооптуу адам. Ковальчуктун жээни Степан ВКнын вице-президенти болгон. Ал VK Video долбоорун иштеп чыгууга да катышкан.

Дитрихтин айтымында, VK Видеонун эң чоң көйгөйү – анын аудиториясынын канчалык реалдуу экендиги. Анын айтымында, сайттын статистикасы чынбы же жасалма экенин аныктоо мүмкүн эмес.

Интернетти көзөмөлдөө аракети

Орус бийлигинин интернетке көзөмөлдү күчөтүү аракети 1990-жылдардын аягында башталган.

Акыркы жылдары бийлик бир катар мыйзамдарды кабыл алып, интернет компанияларга көзөмөлдү күчөтүп, Роскомнадзордун ыйгарым укуктарын кеңейтти. Өлкөнүн ири технологиялык гиганттарын – Яндекс, ВК, Mail.ru жана Wildberries долбоорлорун Кремлге жакын адамдарга өткөрүп берүү менен көзөмөлгө алышты.

Бийлик VPN кызматтарын колдонууну кылмыш деп табууга багыт алгандай. Жакында эле мыйзам чыгаруучулар VPN кызматын издегендерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуш кылышты.

Март айында Кремлдеги брифингде президент Владимир Путин Microsoft жана Zoom сыяктуу чет элдик технологиялык компанияларды сүрүп чыгаруу керек деп ачык жарыялаган:

"Аларды муунтуу керек. Мен толугу менен макулмун" деди.

"Менин оюмча, алар Түндүк Кореянын моделине эмес, Кытай моделине окшош системага багыт алды", - дейт Дитрих. "Кээ бир адамдар толугу менен обочолонуу болот деп ойлошот. Бирок бул мүмкүн эмес, анткени мындай кадам экономиканы талкалайт", - деген ою менен бөлүштү ал.

Орусиялыктарды YouTube'дан оолактатууга аракеттенген Кремль "супер тиркемени" иштеп чыкты. Мобилдик колдонмо баарлашууга, банкка, жолугушууга, такси чакырууга, салык төлөөгө, музыка угууга, оюндарга, тамак-ашка буйрутма берүүгө, сүрөттөр менен бөлүшүүгө жана өзүнүн көптөгөн кызматтарын колдонууга мүмкүндүк берет.

VK тарабынан иштелип чыккан Mакс (MAX) колдонмосу март айында сыноодон өттү. Өткөн айда Путин бардык мамлекеттик кызматтарды Макска өткөрүү керектигин айткан.

Ошентип орус бийлиги популярдуу мессенжерлерди сүрүп чыгаргысы келгенин ачык айтып жатат. Mediascope уюмунун маалыматы боюнча, азыр Орусияда эл эң көп колдонгон мессенжерлер - орусиялык ишкерлер негиздеген Telegram жана америкалык компаниянын WhatsApp тиркемеси.

"Орусиялыктарды ондогон жылдар бою колдонулуп келген ишенимдүү жана ыңгайлуу платформалардан коопсуздугу күмөн жараткан Макска которуу кыйын, - дейт орусиялык активист Саркис Дарбинян.

"Сыягы, YouTube үчүн түзүлгөн сценарий колдонулат окшойт. "ВК видеонун" популярдуулугунун кескин өсүшү YouTube сайтына бөгөт коюу башталган учурга туш келди. Бирок орус бийлиги бөгөттөөнү моюнга албайт", — дейт ал.

XS
SM
MD
LG