УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди

Жалил Атамбаев. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди. Ага буга чейин кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топту каржылоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, камалганын, бирок былтыр жыл аягында эч кайда кетпөө шарты менен абактан чыгарылгандан кийин бул талапты бир нече жолу бузганын маалымдады.

"2024-жылдын декабрь айында айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган. Айыпталуучу бул шартты бир нече жолу бузган. Ушундан улам айыпталуучу А.Ж.С. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен №21 абакка камалды”,-деп жазылган маалыматта.

УКМК Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров экөөнү былтыр августта кармаган. Аларга кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыш топторун каржылоого байланыштуу кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат экөө тең “Салимбай байбача” жана атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгонун билдирген.

Атайын кызмат бул иштин тергелиши, айыпталуучулар тууралуу андан кийин маалымат берген эмес.

УКМК былтыр мартта Салим Абдувалиевге эл аралык издөө жарыялаган.

2018-жылдын башында Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровдун Абдувалиевге жолукканы тартылган видео тараган.

Тасмада "Абдувалиев - Кыргызстандын тиреги, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген мазмундагы мактаган сөздөр айтылган.

Ишкер менен экс-депутаттын камалышы тууралуу алардын жакындары, жактоочулары эч кандай комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Сочиде дрон чабуулунан эки адам мерт болуп, 11и жараат алды Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүАмур облусунда 40тан ашык жүргүнчүсү бар Ан-24 учагы кыйрады Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди