Энергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айтты

Токтогул ГЭСи.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында суу былтыркыга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин билдирди. Ал бул тууралуу 25-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Келерки айда дагы 2024-жылдагыдай суунун көлөмү болбошун эскертти. Бирок азыр канча суу бар экенин, эмне себептен аздыгын тактаган жок.

Министр маегинде быйыл жайында электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жетип жатканын белгилеп, жарандарды сарамжалдуу болууга чакырды.

“24-июль күнү электр энергиясын суткалык керектөө 44,7 млн кВтс болуп эң жогорку рекорддук чекке жеткен. “Мында дээрлик 6 млн кВтс электр энергиясын көбүрөөк колдонуу болуп жатат. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонуп жатат”,-деди Ибраев.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган.

Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген.

Дагы караңыз

Украинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыМакрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди Зеленский АКШдан сураган 10 Patriot комплексинин үчөө келатканын айтты Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдарПесков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду