Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилди

Перизат Кайрат былтыр ноябрда камалган.

Астанада сот Biz Birgemiz Qazaqstan кайрымдуулук фондунун жетекчиси Перизат Кайратты он жылга, анын апасы Гайни Алашбаеваны жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ошондой эле үй-мүлкү конфискацияланмакчы.

Соттун чечимине ылайык, 50 жабырлануучунун доо арызын канааттандыруу үчүн алардан 1,5 миллиард теңге (2,7 миллион доллар) дагы өндүрүлүшү керек.

Ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси менен козголгон кылмыш ишке байланыштуу сот 9-июлда башталган. Мамлекеттик айыптоочулар Перизат Кайратты 10 жылга, апасын сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Экөө тең сотто коюлган айыпты мойнуна алган эмес.

Перизат Кайрат былтыр ноябрда кармалган. Ага алгач 2024-жылы жазында селден жапа чеккен жарандарга жардам иретинде чогултулган 1,5 миллиард теңгеден ашык акчаны (үч миллиондой доллар) кымырып алган деген айып тагылган.

Көп өтпөй палестин эли үчүн чогулган дагы 200 миллион теңгеге (400 миң доллар) байланыштуу айып тагылганы белгилүү болгон.

Финансылык мониторинг агенттигинин маалыматына ылайык, Перизат Кайрат коомчулуктан чогулган акчага Астанадан кымбат батирлерди, люкс машиналарды жана кымбат баалуу буюм-тайымдарды сатып алган. Ошондой эле тынбай саякаттап, кымбат мейманканаларда токтоп жүргөн.

Biz Birgemiz фонду 2021-жылы июнда ыктыярчылардын бүткүл улуттук кыймылы катары түзүлгөн жана катарында 15 миңден ашык ыктыярчы бар экени айтылган.

Аталган фонддун атынан былтыр жайында Кыргызстандын түштүгүнө селден жабыркаган жарандарга жардам келгени тууралуу маалыматтар чыккан.

Дагы караңыз

Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айттыУкраинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыМакрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди Зеленский АКШдан сураган 10 Patriot комплексинин үчөө келатканын айтты Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдар