Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунун даярдыгын текшерди

Данияр Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборун ишке киргизүү даярдыгын текшерди.

Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, анда бул жайдагы өндүрүштүк ыргак тууралуу толук маалымат берилди.

"Данияр Амангелдиев логистикалык борбор электрондук коммерция товарларын жеткирүүдө натыйжалуу жана ачык-айкын система болушу керектигин, товарлар өлкөгө киргенден акыркы алуучуга жеткирилгенге чейинки бардык этаптардын ачыктыгы камсыз кылынышы зарылдыгын белгиледи",-деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинети бул логистикалык борбор качан ачылып иштей баштарын тактаган жок.

2023-жылдын башында "Кыргыз почтасы" менен орусиялык OZON компаниясы Кыргызстанда электрондук коммерциянын почта-логистикалык комплексин ачкан.

Дагы караңыз

Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилдиЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айтты