Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан насыяга эки тик учак алат

ӨКМнын карамагында учурда үч тик учак бар.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түштүк Кореядан эки тик учак алынганы жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, экөөнүн баасы 71 миллиондой доллар деп бааланган жана аталган өлкөнүн банкы төмөндөтүлгөн пайыз менен насыя берет.

“Учурда Кыргызстанга Түштүк Кореянын банкынын делегациясы келип, тик учактарды сатып алуу келишиминин чоо-жайы, техникалык-экономикалык негиздемесин тактап жатат. Бул сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы. Аталган тик учактар Korea Aerospace Industries (KAI) заводунда даярдалып жатат. Катаал жана тоолуу шарттарда учууга ылайыкталып, төрт мезгилде тең колдонууга мүмкүн болгон тик учактар авиация, жарандык коргонуу, издөө-куткаруу, гуманитардык, медициналык өңдүү көп максаттарда колдонулат. Түштүк Кореядан төмөн (0,1%) пайыздык чен менен, узак мөөнөткө жеңилдетилген шартта каржылоосун өтүнүп, макулдугун алып жатабыз. Төлөө убактысы 40 жылга созулуп, анын ичинде 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү каралган”, - деген Ажикеев.

Министр ӨКМнын карамагында азыр үч тик учак бар экенин, бирөө эл аралык сүйлөшүүлөрдүн арты менен белек катары берилгенин кошумчалады.

Былтыр министрликтин тик учактарынын ижарага берилишине байланыштуу коомчулукта талкуу жараткан окуялар орун алган.

ӨКМ тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп каларын, “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 миң 662 сомго, “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 миң 770 сом ижарага алса болорун жарыялаган.

Дагы караңыз

Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышуу токтой элек Орусиянын Украинага жасаган соңку чабуулунда эки адам мерт болуп, 16сы жараат алды "Хочу жить": дагы 500дөн ашык казакстандык согушка баруу үчүн Орусия менен келишим түзгөн Адылбек Касымалиев Кыргызстан Алтайга үч ак илбирс бергенин айттыИзраил Газага БУУнун гумжардамын жеткирүү үчүн коридор ачарын билдирди Орусия Днепропетровскидеги дагы бир кыштакты ээлеп алганын билдирди