Израил Газаны аткылоого маал-маалы менен тыныгуу жарыялап турарын билдирди

Газага азык-түлүк жана дары-дармек парашют аркылуу түшүрүлүп жатат.

Израилдин армиясы Газа тилкесинин айрым аймактарын аткылоого маал-маалы менен "тактикалык тыныгуу" киргизип турарын жарыялады. Бул Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдардын аталган анклавга гуманитардык жардам жеткирүүсүн камсыздоо максатында жасаларын билдирди.

ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, согуш аракеттери тынымсыз жүрүп жаткан Газа шаарында, Аль-Мавасиде, Дейр эл-Балахта жергиликтүү убакыт менен эртең мененки саат 10дон кечки саат 8ге чейин тыныгуу болот. Израил ошондой эле гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн коопсуз каттамдар ачылганын билдирди.

Египеттеги Al Qahera News мамлекеттик телеканалы жекшембиде аталган өлкөдөн Газага жардам жеткириле баштаганын кабарлады. Мунун алдында Израил Газага азык-түлүк жана дары-дармек парашют аркылуу түшүрүлүп жатканын маалымдаган.

Гуманитардык уюмдар жардам жеткирүүнүн мындай ыкмасы өтө эле натыйжасыз жана кымбат экенин айтып, сынга алышкан.

Ушул аптада жүздөн ашык уюм Газада ачарчылык башталганын билдирген. ЦАХАЛ муну жокко чыгарып, “ХАМАСтын жалган кампаниясы” деп сыпаттаган.

Ишембиде ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ачкалыктан 130дай адам, анын ичинде беш бала мерт болгонун жарыялаган.

Израил Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү мартта дагы токтотуп койгон. Май айында жардам көрсөтүү жанданганы менен бир катар чектөөлөрдү киргизген. Жардамды бөлүштүрүү АКШ менен Израил колдогон Гуманитардык фондго берилген. Жардам таратылган жайларга, борборлорго сокку урулуп, жүздөгөн палестиндин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

АКШ менен Евробиримдик тарифтердин өлчөмүн 15% деп макулдашты Сот Имамидин Ташовду тогуз жылга эркинен ажыратты Бишкек мэриясы Ботаникалык бак муниципалитетке карабасын билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан насыяга эки тик учак алат Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышуу токтой элек "Хочу жить": дагы 500дөн ашык казакстандык согушка баруу үчүн Орусия менен келишим түзгөн