Тайланд менен Камбоджа ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүн Малайзияда өткөрүүнү макулдашты

Чыр чыккан аймактардан он миңдеген адам эвакуацияланган.

Тайланд менен Камбоджа чек арадагы атышууну токтотуу үчүн 28-июлда Малайзияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү макулдашты.

Ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп эки мамлекеттин лидерлери менен сүйлөшүп, жаңжалды чукул токтотууга көндүргөнүн билдирген.

Жекшембиде Тайланд сүйлөшүүгө барчу делегацияны премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Пхумтам Вечаячай жетектеп барарын кабарлады. Ошондой эле Камбоджа тараптан дагы өкмөт башчы Хум Манет катышарын билдирди.

Трамп Шотландияга жеке сапарынын алдында өзүнүн Тruth Social соцтармагына эки тарап тең "тез арада жолугуп, ок атышууну токтотуу режимин чукул иштеп чыгууга көнгөнүн" жазды.

Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышуу 24-июлда башталып, төрт күн уланган.

Камбоджанын Коргоо министрлиги жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин билдирген. Маалыматтарга караганда, дагы 70тен ашык адам жараат алды. Чыр чыккан аймактардан 140 миңдей кишини эвакуациялашкан.

Тайланддын армиясынын маалыматына караганда, өлгөндөрдүн саны 20га жетти, алардын алтоо жоокер, калган 14ү жайкын тургундар.

Куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өткөн аптанын аягында чукул жыйынга чогулган.

Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери эле Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.

БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.

Дагы караңыз

Илимдер академиясы Ботаникалык бак жаңыланып жатканын билдирди Ташовдун адвокаты райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрылатИзраил Газаны аткылоого маал-маалы менен тыныгуу жарыялап турарын билдирди АКШ менен Евробиримдик тарифтердин өлчөмүн 15% деп макулдашты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан насыяга эки тик учак алат