УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Оштогу ЖОЖдордон 13 миңден ашык студент чыгарылды

Ош мамлекеттик университети. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан сабакка катышпаган же академиялык карызы бар 13 295 студент чыгарылганын билдирди. Мыйзамсыз иштерге жол бергендерди аныктоо, алардын жоопкерчилигин кароо уланып жатканын маалымдады.

"Ош мамлекеттик университетинен 3573, Ош техникалык университетинен 2754, Ош кыргыз-өзбек университетинен 3167, Ош педагогикалык университетинен 3629, Кыргыз улуттук университетинин филиалынан 172 студент чыгарылды. Учурда бул жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга катыштыгы иликтенип жатат. Алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат",-деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат буга чейин Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жогорку окуу жайлардан ондогон студент чыгарылганын, кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Өткөн аптада Караколдогу ЖОЖдордон 941 студент чыгарылганы белгилүү болгон.

Буга чейин УКМК Бишкектеги Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинен 12 студент чыгарылганын билдирген. Бул "кызматынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалганын, айрым студенттер бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганын маалымдаган. Мунун алдында аталган окуу жайдагы 30дай студент окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Университеттин жаңы жетекчилиги алар окууга “мыйзамсыз киргизилгенин" билдирген.

Ушул айдын башында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылып, кылмыш иштери козголгон. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга келген эмес.

Ага чейин атайын кызматтын текшерүүсүнөн кийин Нарын мамлекеттик университетинде, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде дагы ондогон студенттер окуудан чыгарылган жана кылмыш иштери козголгон. Арасында чет өлкөлүк жарандар да болгон.

Дагы караңыз

Ирандын Кыргызстандагы элчиси акыйкатчыдан кыргыз абагындагы жарандарына көмөк көрсөтүүнү өтүндү "Аэрофлот" хакердик чабуулга кабылды, 40тан ашык каттам үзгүлтүккө учурады Тайланд менен Камбоджа ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүн Малайзияда өткөрүүнү макулдашты Илимдер академиясы Ботаникалык бак жаңыланып жатканын билдирди Ташовдун адвокаты райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрылатИзраил Газаны аткылоого маал-маалы менен тыныгуу жарыялап турарын билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан насыяга эки тик учак алат