Жалдануу иши: Ташиев Орусиянын элчиси менен жолугушту
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду. Орусиялык депутат Михаил Матвеевдин Оштогу кармоого байланыштуу Кыргызстанды "уюм" деп атаганы жана өлкөгө акча которууга чектөө киргизүүгө чакырганы сынга кабылды. Кыргыз депутаты Дастан Бекешев Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады. Украинада орус күчтөрүнүн соңку соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. АКШ президенти Дональд Трамп бир күн мурунку Киевдеги чабуул үчүн Путинди айыптады.
Чыгарылыштар
-
Июль 25, 2025
Париж Палестин мамлекетин тааныйт
-
Июль 24, 2025
Ыраакы Чыгыштагы авиакырсыкта 48 киши набыт болду
-
Июль 23, 2025
Казакстан: Дарыгерди сабагандар катуу жазаланат
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт
Шерине