Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

“Мурдагы деңгээлине жетпесе, өзгөртүүнүн кереги жок”. Гимнге тандалган тексттер талкуу жаратты


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчулары беттеш алдында гимнди ырдап жатат. 6-июнь, 2024-жыл
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчулары беттеш алдында гимнди ырдап жатат. 6-июнь, 2024-жыл

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы гимндин текстинин беш варианты тандалып алынганын билдирди. Мындай чечим 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Эми ал тексттердин музыкасына кайра сынак жарыяланмакчы.

Сынакка бир ай ичинде 132 текст келип түшкөнү айтылды. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөстөн комиссиянын кароосуна коюлган. Комиссия эң жогорку упай алган беш тексттин долбоорун тандап алган.

“Сынакка 16-июндан 17-июлга чейин 79 жарандан 132 текст келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөстөн комиссиянын кароосуна коюлду. Комиссия эң жогорку упай алган беш тексттин долбоорун тандап алды. Тандалып алынган тексттерге музыкалык чыгарманы жаратуу үчүн кайрадан сынак жарыяланат. Өтүнмөлөр 8-сентябрга чейин кабыл алынат”,-деп жазылган маалыматта.

Апрель айында аталган министрлик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыялаган. Анда комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, талаптарга толук жооп бербейт деген бүтүмгө келген. Сынактын жобосу өзгөрүп, биринчи этапта гимндин тексти тандалып, экинчи этапта ага музыка жазылат деп чечилген. Анда 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөнү, анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөнү белгилүү болгон.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан. Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан. Соцтармактарда тандалып алынды делген тексттер боюнча талкуу жүрүп, сын-пикир айткандар болууда. Бирок министрлик дагы, комиссия дагы комментарий бере элек. Биз белгилүү окумуштуу, филология илиминин доктору, лингвист Үмүт Култаева менен ушул тууралуу маек курдук.

- Саламатсызбы, Үмүт эже. Комиссия тандап алган жаңы гимн үчүн жазылган тексттер боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Анын ичинде сындаганы дагы көп. Сиз адабиятчы окумуштуу катары сынактан тандалды деп жарыяланган тексттерди кандай бааладыңыз?

- Саламатсыңарбы. Ооба, менин дагы кабарым бар. Алгач Бакыт Болгонбаев деген активдүү жигит Фейсбук баракчасына бөлүшкөн экен, ошондон көрдүм. Кийин беш текстти тең кагазга чыгарып алып, карап чыктым. Чынында азыркы гимндин текстине дагы жетпеген тексттер экен. Эмне үчүн жеткен жок деп жатабыз? Анткени кыргыз элинин башынан өткөн окуялары, кыргыз элинин Ата Мекенди сүйүү менталитети, ата журтка, мекенге болгон көз карашы жакшы чагылдырылган эмес. Экинчиден, жамак формасына окшош ырлар экен. Кайырмалары деле кишини толкундата турган деңгээлде эмес. Канткен менен азыркы гимндеги текстте “Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар, элибиздин жаны менен барабар” деп, элдин каны-жаны мекен менен бирдей экени, ата журтуна болгон сүйүүсү кадимкидей сезилип турат да. Жаңы тандалган варианттарда курулай эле жеңил-желпи мактануу сыяктуу сезилет.

- Соцтармактардагы талкууда “гимндин тексти жугумдуу болуш керек”, “оңой ырдалып, бат жатталган”, “жатык тилде жазылып, мазмуну дагы салмактуу болсо” деп жазып жатышпайбы. Айрымдар кээ бир өлкөлөрдүн гимндерин мисал тартууда. Сиздин пикириңизде гимндин тексти кандай болушу керек?

- Гимн деген кандай болушу керек? Ырдап жатканда же текстин окуганда адамдын жүрөгү толкуп, мекенди сүйүүгө кубат бере турган, керек болсо көзүнө жаш алып толкунданта турган, эмоционалдык чыңалууну жарата алган болушу зарыл. Гимн – мамлекеттик атрибут. Улуттук аң-сезимин күүгө келтирүүчү, эмоционалдык чыңалтуучу, ойготуучу, мекенге болгон сүйүүгө кубат берүүчү деңгээлде болушу керек. Биз жогорудагы тандалган тексттерден андай нерсени көрө алган жокпуз. Ким тандаганы, кандай принцип менен тандаганы белгисиз. Фейсбукта нааразы ойлор көп, анын ичинде мен дагы пикиримди жаздым. Анткени гимнди өзгөртүү керек болсо, анда азыркы сунушталган варианттар андан жогору туруш керек. Эгерде анын деңгээлине жетпей калса, анда өзгөртүүнүн эмне кереги бар?

- Балким, аттуу-баштуу акындарды топтоп алып эле “ушундай мазмунда болушу керек”, “мындай сөздөр колдонулса” деп буюртма берип жаздыруу керектир. Кандай дейсиз?

- Менимче, суроону мындай коюштун өзү туура эмес деп эсептейм. Буюртма, тапшырык менен эч качан мыкты көркөм чыгарма жаралбайт. Бул жүрөктөн чыгышы керек. Автордун каны-жанынан оргуп чыгышы зарыл. Аттуу-баштуу эмес, тескерисинче, жаш акындардын арасынан жазышса туура болобу деген ойдомун. Соңку учурларда адабий фестивалдарга калыстык кылып, эксперт катары катышып жүрөм. Жаш акындардын арасында эркин, масштабдуу ойлонгон таланттар бар экенин байкайм. Балким, жаштардын арасынан чыгат беле. Биз көбүнчө аттуу-баштуу, тажрыйбалуу, аксакал деп ишенебиз дагы, анан ойдогудай болбой калат да. Чыгармачылыкта деле адамдын бийиктиги, жеткен чеги ар бир калемгерде белгилүү учурда болот экен. Дайыма эле анын чыгармачылыгында бийиктиктер жарала бербейт экен. Андайлар бар, бирок сейрек. Ошондуктан жаштарга кайрылуу туура болот го деген пикирдемин.

- Азыркы гимндин тексти боюнча дагы сындар көп. Ошон үчүн өзгөртүү сунушу кабыл алынбадыбы. Айталы, “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сыяктуу сөздөрдүн мааниси талаш жаратып, гимндин бир куплети ырдалбай калган. Негизи мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесине сиз кандай пикирдесиз?

- Албетте, азыркы колдонулуп жүргөн гимндин тексти боюнча узак жылдар талаш-талкуу болуп келбедиби. Мен өзүм жогорку окуу жайда өмүр бою эле иштеп келе жатам. Студенттер арасында “мен жаттай албай жатам”, “эмнеге гимн дегенди өзүмдү зордоп жаттайм, күчкө салбай жатталышы керек” дегендер көп болор эле. Канткен менен дагы Жалил Садыков мыкты акын болгон. Ошондуктан анын текстинде мекенге болгон сүйүүнүн пафосу билинип турган. Бирок анын ушундай артыкчылыгы менен катар эле кемчиликтери да болуп, кез-кезде талкууланып келген.

Ал эми гимнди өзгөртүү демилгеси боюнча айтсам, ошого жараша текст тандалса, мен аны колдомокмун. Азыркыдан мыкты текст жазылса, эмнеге колдоого болбойт!?. Эгерде мындан мыкты, татыктуу текст тандалбаса, анда өзгөртүүнүн кереги жок, мурункуну эле калтыруу зарыл. Канткен күндө дагы биздин элдин жетишкендиктери даңазаланып жатканда, спортчуларыбыз жеңип, жогорку тепкичке көтөрүлгөндө гимн жаңырса көзүбүзгө жаш алып жатабыз. Спортчулар дагы катуу толкундаган учурларын көрөбүз. Анткени ушул гимнге көндүк. Канткен менен текст өзүнүн функциясына акырындык менен жетти да. Бизге туу көтөрүлүп, гимн ырдалганда кадимкидей таасир этип жатат. Азыркы тандалган беш текст мурдагынын деңгээлине жетпесе, өзгөртүүнүн кереги жок деп эсептейм.

Шерине

XS
SM
MD
LG